Түштүк кореялык сүрөтчү Ош шаарында сүрөт көргөзмөсүн уюштурду

Түштүк кореялык сүрөтчү Ош шаарында сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин басма өз катчысы Зинагүл Нуралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, түштүк кореялык белгилүү сүрөтчү Пак Сон Ёнгдун тарбиялык мааниси терең, философиялык ой толгоону камтыган эмгектери көрөрмандардын назарына сунушталды. Салтанатка Султан Раев, Осмонакун Ибраимов, Каныбек Исаков, Бектемир Мурзубраимов сыяктуу коомдук ишмерлер катышты.

"Иш-чарага сүрөт искусствосуна таандык чыгармачыл адамдар, студенттер жана шаар тургундары катышты. Анын жүрүшүндө сүрөтчү Кыргыз Республикасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүп, жаш балдардын таланттарынын ачылышына кам көрүп келе жаткандыгы белгиленди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан