Бишкекте шаар тургунунан 100 доллар пара талап кылган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ички иштер министрлигинин маалыматында: "6-сентябрь күнү 1984-жылы туулган Н.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 100 доллар пара талап кылып жатканын билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде пара талап кылган жаран Ленин РИИБинин кызматкери, кенже лейтенант К.М.Н. экени аныкталган. Учурда прокуратура кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат", - деп айтылат.