Ош шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Ош шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда милицияга арыз менен 40 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 31-август күнү анын Дүйшөн аттуу таанышы "бирөөнү жеткирип келе калайын" деген шылтоо менен Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын айдап кетип, кайтарып бербей жатканын билдирген. Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы К.Д. аттуу Ош облусунун Үч-Дөбө айылынын тургуну кармалган. Азыркы тапта бардык материалдар чогултулуп, юридикалык баа берүү үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан