Базар-Коргондо экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 3 турак үй тинтүүгө алынды

Базар-Коргон районунда экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 3 турак үй тинтүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Тинтүү иштери бүгүн жүргүзүлдү. Ага укук коргоо органдарынан сырткары үй ээлеринин кошуналары, жакын туугандары, жергиликтүү айыл башчылары катышты. Анда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган 3 турак үй тинтүүгө алынды. Жыйынтыгында диний кастыкты козутуучу аудиомаалыматтар, китеп, үгүт баракчалары табылды. Учурда алынган материалдар боюнча соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2016-09-16 15:00:45
Камаш керек террористерди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан