"Алтын Зенит" баш байгесин алуу Олимпиаданын алтын медалын утканга тете" дешет "Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучулары

Канаданын Монреаль шаарында 25-августта башталып, 5-сентябрга чейин болуп өткөн эл аралык кинофестивалда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган. "Буга чейин КМШ өлкөлөрү боюнча эч бир өлкө мындай сыйлык алган эмес, андыктан 60 өлкөдөн келген 1300дөн ашуун тасманын арасынан "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алуу Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынганга барабар. Бул кыргыз киносунун, жалпы эле кыргыз элинин жеңиши болду", - деп билдиришти бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйынында аталган тасманын жаратуучулары.

Тасмада роль жараткандардын бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Марат Алышпаев тасма тууралуу мындай дейт: "Кыргыз киносу алгачкы жолу эл аралык деңгээлде ушундай чоң байгеге ээ болду. Буга чейин "Кожожаш" тасмасы дүйнөлүк деңгээлдеги фестивалдардын биринде күмүш байгени алган. Ири өлкөлөрдүн арасында кичинекей өлкөнүн атынан барган тасма байгеге илинди, андыктан бул кыргыз элинин чоң жеңиши. Мен тасмада жөнөкөй кишинин образын жараттым. Көптөгөн кыргыздар чет жакка чыгып кетип, сөөгү ошол жакта калып жатат. Тасмада Кыргыз өлкөсүндөгү эле эмес, дүйнөдөгү миграция көйгөйү, элин, жерин таштап кетип жаткан адамдардын тагдыры көрсөтүлөт".

Ал эми тасманын режиссёру Дастан Жапар уулу буларга токтолду: "Бакыт Мукулдун уулу Иман Мукул образга бат эле кирип, өзүнүн профессионалдуулугун көрсөттү. Биринчи кинобуз болгондуктан, эксперимент жасаганга убактыбыз болгон жок. Андыктан профессионал актёрлор менен иштешип жаттык. Кандай аба ырайы, кырдаал болбосун, биздин ийгилик жарата аларыбызга ишенип колдогон ар бир адамга ыраазычылык билдиребиз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shankol88
2016-09-16 17:42:58
Оо жакшы жанылык,Азаматсынар ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан