Франциянын Дижон шаарында жардыруу болуп, бир канча адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруу шаардын борборундагы үйлөрдүн биринде бүгүн саат 09:15те орун алган. Натыйжада көптөгөн кишилер жаракат алып, имараттын бир бөлүгү кыйраган. Окуя болгон жерде куткаруучулар иш алып барышууда. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.