МЕДИА-ПОРТАЛ: Гүлбү Ороскул кызынын "Ортомчу бизге Ысык-Көл" клибине ырчынын кызы менен болочок күйөө баласы тартылган

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчы Гүлбү Ороскул кызынын "Ортомчу бизге Ысык-Көл" ырынын клибинде Ысык-Көлдүн кооздугу чагылдырылган. Ошондой эле бул клипте ырчынын болочок күйөө баласы Мирзат Муканов менен кызы Айзуура Иманалиева тартылышкан. Ырчы чыгарма кыска убакытта жазылып, клип тартылганын айтат.

"Былтыр Расул Маматкулов ушул ырды аткарып көр деп берген эле. Бул жылы анын 50 жылдыгына сюрприз кылып клип тартайын деген элем. Чыгынбай жүрө берип, бир жылдай убакыт өтүп кетти. Анан клипмейкерлер келген күнү шашылыш түрдө ырды жаздырып, клипти тартуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кеттик. Анда өзүмдүн кызым менен болочоктогу күйөө балам Мирзат тартылды. Алар эки жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшөт. Майрам, туулган күндөрдү чогуу өткөрүп, ал өз уулумдай болуп калган. Андыктан клипке тартылуу учурунда эч кандай тартынуу, уялуу болгон жок. Алар мага кайра дем берип, мындай кылалы, тигинтип тарталы деп идея берип турушту. Клип 2 күндө тартылып бүттү", - дейт ырчы.

Гүлбү Ороскул кызынын "Ортомчу бизге Ысык-Көл" клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuriza.kubatova
2016-09-16 20:51:34
соонун
+1
Gul.08
2016-09-17 04:39:32
Мигинтип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан