Бүгүн, 16-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда өспүрүмдөр курамасы алгачкы беттешин өткөрдү. Футболчуларыбыздын 1-турдагы атаандашы Австралия өспүрүмдөр курамасы болду. Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, футболчуларыбыз жеңишке жетишти.
76-мүнөттө атаандаштын дарбазачысы Гүлжигит Бөрүбаевге каршы орой ойноп, эреже бузду. Натыйжада беттеш калысы пенальти дайындады. Адилет Каныбек уулу 11 метрлик айып соккусун таамай тээп, жеңиш менен катар 3 упай алып келди.
Мелдештин жыйынтыгында алдынкы орундарды ээлеген 4 команда Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат.
Өспүрүмдөр курамасынын оюндары:
16-сентябрь. 1-тур
Австралия - Кыргыз Республикасы - 0:1
Гол: Адилет Каныбек уулу (76-мүнөттө)
19-сентябрь. 2-тур
Кыргыз Республикасы - Япония
22-сентябрь. 3-тур
Вьетнам - Кыргыз Республикасы