Өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды. Ал 70 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач Украинанын, анан Литва жана Швециянын балбан кыздарын утту.
Финалда Айперинин атаандашы Ясуха Матсуюки болду. Балбан кызыбыз алгачкы баскычта 1:0 эсебинде утканы менен, кийинки баскычта япониялык балбан кыз 7 упай алды. Жыйынтыгында биздин спортчубуз 7:2 эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынууга мажбур болду.