Волейбол боюнча улуттук курам Мальдив курамасын утуп, кийинки тандоо туруна чыкты

Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл) волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру жыйынтыкталды. Борбордук Азия зонасы боюнча өткөрүлүп жаткан мелдешке 3 команда катышкан: Кыргыз Республикасы, Бангладеш жана Мальдив аралдары. Командалар өз ара бирден беттеш өткөрүп, жыйынтыгында улуттук курамабыз 1-орунду ээлеп, кийинки тандоо туруна жолдомо алды.

15-сентябрда волейбол боюнча улуттук курам алгачкы беттешин Бангладешке каршы өткөрүп, 3:0 эсебинде уткан (25:19; 25;16; 26:24). 17-сентябрда Мальдив аралдарынын курамасы биздин волейболчуларыбызга туруштук бере алышкан жок (25-16; 25-18; 25-19).

15-сентябрь. 1-тур

Кыргыз Республикасы – Бангладеш - 3:0 (25:19; 25;16; 26:24)

16-сентябрь. 2-тур

Мальдив – Бангладеш - 3:1 (28-26; 25-21; 15-25; 25-20)

17-сентябрь. 3-тур

Кыргыз Республикасы – Мальдив - 3:0 (25-16; 25-18; 25-19).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Isken.der
2016-09-17 18:41:37
Ийгилик дагы да жылмая берсин!
+1
sherzatik
2016-09-17 18:52:03
Алга Кыргызстан!!!Аллах ыраазы болсун)ийгилик каалайм!
+1
JURNALIST.
2016-09-17 20:00:07
Булар кыздар окшойт э?
-1
NURSU1993
2016-09-17 20:06:37
Молодцы
0
bakaiBBBB
2016-09-17 20:10:34
Пайдасы жок ктрк спорт ушуларды бербейби кечке эле кочевниктерди кайталай бербей
+9
tulpar90
2016-09-17 21:00:12
bakaiBBBB,менда ошону айтайын деген элем
+4
erjigit-e.15
2016-09-17 22:08:17
алга
0
jigitaly
2016-09-17 22:31:57
Suranich videosun juktogulochu korolu
+3
Melis2014
2016-09-18 01:40:18
Супер инфо видиосун кошкулачы
+3
UlukmanKalyev
2016-09-18 06:22:57
Спорттун бардык турун онуктуруу керек 2017 жылды Спорт жана ден соолук жылы деп белгилеседа жакшы болмок. Риодон болсо бир эле коло менен кайтышты бул эн эле томонку корсоткуч.
+3
ariet97
2016-09-18 11:17:11
Алга
0
Beku89
2016-09-19 00:21:29
Биздин волейболубуз кучтуу эле. Эми ошону дуйнолук аренага алып чыгуу керек. Биз да Азия чемпионатында ойносок болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан