"Дордой" футболдук клубу "Алайды" утуп, тарыхында 8-ирет өлкө кубогуна ээ болду (фото)

Бүгүн, 18-сентябрда футбол боюнча өлкө кубогунун финалы орун алды. Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо бишкектик "Дордой" менен Оштун "Алай" клубу беттешти. Жыйынтыгында "Дордой" клубу 1:0 эсебинде утуп, өз тарыхында 8-ирет кубокко ээ болду.

Беттеш "Алайдын" футболчуларынын катар-катары менен уюштурулган чабуулу менен башталды. Бир топто барып "дордойчулар" топко көзөмөл кылууну ишке ашырышты. 1-таймда командалар топту дарбазага жөнөтүүнүн жолун таба алышкан жок. 2-таймды "Дордойдун" футболчулары активдүү башташты. 60-мүнөттө Дэвид Тэтте топту дарбазага таамай багыттап, жеңиш голун киргизди. "Алайлыктардын" андан ары көргөн аракеттери натыйжа берген жок.

1992-жылдан тарта өткөрүлүп келген мелдешти "Дордой" ушуну менен өз тарыхында 8 ирет жеңип алды (2004, 2005, 2006, 2008, 2010, 2012, 2014, 2016). Ал эми "Алай" бир канча ирет финалга чыкканы менен, жеңишке бир гана жолу жетишкен (2013-жыл).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KaiMak
2016-09-18 19:54:53
Кимдир бироого жакшы жанылык кимдир бироого жаман... Мага жаманыраак го...
-7
Matilda
2016-09-18 20:08:00
Европанын клубдарында ойногон мыкты футболисттер чыкса экен бизден!!!
+5
UlukmanKalyev
2016-09-18 20:28:01
Конулду чоктурбогуло кимиси утсада Кыргызстандын намысын коргой тургандар. Алайдын келечеги алдыда буюрса.
+1
nuridindosmatov
2016-09-18 20:58:20
Судья тартып койду дордойго.стодиондогу элдер нараазы болуп кетишти.вобще оюн болбоду.судья өлтүрдүү баарын.алай утут болчу..........
-10
Beksultan-007
2016-09-18 22:00:37
Биздин футбол полный бардак.оюн коргондой болбойсун минут сайын бири бирин кулатат.как будто бири биринен оч алуу учун чыккандай. Качан европанын оюнун биздин оюнчулардан коробуз
0
shankol88
2016-09-19 00:21:01
оюун болбоду,жакшы оюун корбойт окшойбуз
ц
0
kgalik
2016-09-19 00:23:44
дордойдо акча коп, ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_portal
2016-09-19 09:48:37
kgalik, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Deniza88
2016-09-20 10:17:18
Дордой татыктуу команда, анткени ал жакта красавчиктер ойнойт!!!!!! Завидуйте молча !!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан