Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды

Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен 81 жаштагы улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-сентябрь күнү саат 09:50 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына Түштүк-2 кичи районундагы үйлөрдүн биринде батирдин эшиги жабылып калып ачылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган куткаруучулар батирдин эшигин ачып, үйдүн ичинен 81 жаштагы аял кишинин жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sirduusezim
2016-09-19 10:35:08
Жайы жанаттан болсун. Мээримсиз балдардан сактасын кудайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан