Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Пахта-Арал аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган 84 чарчы метр бастырманын чатыры, 3 тонна чөп, 6 тонна саман күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна 4 жаштагы баланын от менен ойногону себеп болгон.