Бүгүн, 19-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда өспүрүмдөр курамасы экинчи беттешин өткөрөт. "В" тайпасында 2-тур алкагында футболчуларыбыздын атаандашы мелдеште чемпиондукка башкы талапкер катары саналган Япония курамасы болмокчу. Беттешке Бишкек сааты боюнча 16:30да старт берилет.
"В" тайпасындагы абалга токтолсок, эки команда тең 1-турда жеңишке жетишип, үчтөн упайга ээ болушкан. Япониянын өспүрүм футболчулары Вьетнамды 7:0 эсебинде утушса, кыргыз футболчулары Австралияны 1:0 эсебинде утушкан.
Мелдештин жыйынтыгында алдынкы орундарды ээлеген 4 команда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат.
Өспүрүмдөр курамасынын оюндары:
16-сентябрь. 1-тур
Австралия-Кыргыз Республикасы - 0:1
Гол: Адилет Каныбек уулу (76-мүнөттө)
19-сентябрь. 2-тур
Кыргыз Республикасы-Япония
22-сентябрь. 3-тур
Вьетнам-Кыргыз Республикасы