ЖЫЛНААМА, 19-СЕНТЯБРЬ: Олимпиаданын 3 жолку чемпиону болгон балбан Александр Карелин 49 жашка толду

Советтик жана орусиялык спортчу, грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарында 3 ирет алтын, 1 ирет күмүш медаль тагынган Александр Карелин 49 жашка толду. Ал 1967-жылы Новосибирск шаарында туулган.

Карелин грек-рим күрөшү боюнча 3 жолку Олимпиада чемпиону (1988, 1992, 1996), Дүйнөнүн 9 жолку чемпиону (1989-1991, 1993-1995, 1997-1999), Европанын 12 жолку (1987-1991, 1993-1996, 1998-2000), СССР, КМШ, Орусиянын 13 жолку (1988-2000) чемпиону болгон.

А.Карелин - мамлекеттик жана саясий ишмер, "Единая Россия" саясий партиясынан Мамлекеттик Думанын VI чакырылышынын депутаты, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери (1988), Орусиянын Баатыры (1997).

19-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2016-09-19 11:19:30
ukmuw ku4tuu eken ele
0
baiyshvip
2016-09-19 16:36:04
Ушул спортсменди мен жакында интернеттен тааныдым!!Бул Адам жаштарга стимул боло турган фрагмент катары кабыл алсан болчудай!копко жашасын!!!Ар бир спорт залдарга суротун историясын жана видео материялдарын койуп койсо зыян алып келмек эмес!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан