МЕДИА-ПОРТАЛ: "Жубайыма" ырынын клиби бири-бирин сыйлоого, сүйүүгө үгүттөгөн социалдык клип болду" дейт Съездбек Искеналиев
Өмүрлүк жан шериги тууралуу ыр жазып, клип тарткандардын бири - ырчы Съездбек Искеналиев. Ырчынын аткаруусундагы "Жубайыма" аттуу ырдын клибине келинчеги Жаркынай жана белгилүү ырчылар Замир Арыкбаев, Урмат Усенов, Анжелика жана башка шоу дүйнөгө тиешеси жок инсандар өмүрлүк түгөйлөрү менен тартылышкан. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду:
"Жубайыма" аттуу ырды мектепти бүтүп жатканда ырдоону тилек кылган элем. Убакыт-сааты эми келип, быйыл ага клип тарттырдым. Белгилүү инсандардын жеке жашоосу дайыма кызыгуу жаратып келет эмеспи, андыктан клипке кыргызга таанымал инсандар жана өзүмдүн тааныштарым жубайлары менен тартылышты. Ошондой эле келинчегим да роль жаратты. Клип аркылуу күнүмдүк жашоодогу сезимдерди, бактылуу жашоону көрсөтүүнү максат кылганбыз, тартуу учурунда кыйынчылыктар жаралган эмес. Элди ынтымакка, бири-бирин сыйлоого, сүйүүгө үгүттөгөн социалдык клип болду".
Съездбек Искеналиевдин "Жубайыма" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.