Сокулук районунда 1 тоннадан ашуун баңгизат менен 48 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда 48 жаштагы жаран 1 тоннадан ашык көлөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында 48 жаштагы Т.Ю. аттуу Комсомол айылынын тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү иштеринин алкагында аталган жарандын үйүнөн жалпы салмагы 1 тонна 170 килограмм 778 грамм салмакты түзгөн марихуана алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
avtogrand
2016-09-19 13:24:30
2 кг таап алышты деген кабарды өчүрүп эле койгула эми. Бул жакта тонналап сакташат экен ал мунун жанында ...
+1
Isken.der
2016-09-19 13:32:09
Орус окшойт ю тамгадан башталган кыргызда ат жок. Кыргыз эли андайдан плыс эле бололу. Адал эмгек менен ырыскы таап жашайлы.
+1
aseras
2016-09-19 14:16:00
Isken.der,озбек да болушу мумкун юлдаш деп)
+1
Sirduusezim
2016-09-19 13:51:56
Астафирлааа, ошооончону ээми таптынарбы.
0
nur_zhoni
2016-09-20 09:41:10
Бир эле тоннабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан