Бүгүн, 19-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун 2-тур оюндары ойнолууда. Бул турда Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасы Японияга каршы туруп, 8:0 эсебинде утулууга мажбур болду. Атаандаштар биздин футболчулардан ылдамдыгы, топ тартып алуудагы жана топ менен жүгүрүүдөгү мыктылыгы, бири-бири менен байланыш куруудагы чеберчилиги менен айырмаланышты.
Алгачкы таймда кыргыз футболчулары коргонууда жакшы ойноп башташкан. Көп голдор футболчуларыбыз кетирген орой каталардан улам кирип жатты. Алгачкы таймда 3:0 эсебинде катталса, кийинки таймда 5 гол кирди. Япониялыктар 2 голду пенальтиден киргизишти.
"В" тайпасындагы оюндар жана жыйынтыктары:
Өспүрүмдөр курамасынын оюндары:
16-сентябрь. 1-тур
Австралия-Кыргыз Республикасы - 0:1
Гол: Адилет Каныбек уулу (76-мүнөттө)
Япония-Вьетнам - 7:0
19-сентябрь. 2-тур
Кыргыз Республикасы-Япония - 0:8
Австралия-Вьетнам - 2:3
22-сентябрь. 3-тур
Вьетнам-Кыргыз Республикасы
Япония-Австралия