Баткенде мал кайтарып жүргөн өспүрүм 17 жаштагы шеригин атып алды

Баткен облусунда мал кайтарып жүргөн өспүрүм 17 жаштагы шеригин атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG порталына аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-сентябрь күнү орун алган. Анда Кыштут айылынын 2001-жылы туулган тургуну мал кайтарып жүрүп 1999-жылы туулган шеригин ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал менен атып алган.

"Бул факт боюнча "мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу учурда Бишкекте дарыланууда", - деди Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын катчысы Дамира Юсупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
89elnura89
2016-09-19 18:48:17
Олбоптур кулага шугур
+6
chyngyz-40
2016-09-19 19:58:50
кырсык да эми жакшы Алладан болуп ажал жетпептир милицяга бербей эле оз ара келишип дарыларын толоп берсе болмок экен бекер эле ортодогу милиця врачтар жеп жыргайт эми акчаны ... эртерек айгып кетсин эми
+6
Aida001
2016-09-19 20:01:15
Кудай озу сактаптыр.Тезирээк айыгып кетсин эми.Жаш эле балага куралды кантип ишенип берди экен ата-энеси.
+6
Kroxa
2016-09-19 22:39:50
Ажалы жок экен дечу беле?сакайып кетсин,кырсык каш кабактын ортосунда,,,,
+2
dasbai
2016-09-19 23:46:15
Жакшы өмүрлүү бала екен кансырап калбай есен аман бишкекке жетиптир бул окуя биздин айылда болуптур болгондодагын айылдан алыс жерде болуптур алыстыгы 3 4 саат жол ат менен мейли не болсода ертереек сакайып кетсин алты саның аман болсун.
0
Alixan-Nookat.2015
2016-09-20 07:29:39
Баткенде мындан эки уч ай баштада мал кайтарып журуп шеригин атып алган болуш керек эмне Баткенде баардык малчылар курал менен мал кайтарабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан