Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп жана милиция кызматкерлерин кемсинткен жаран кечирим сурады

Бүгүн, 20-сентябрда Свердлов райондук сотунда өлкө башчыны "чүпүрөк" деп жана милиция кызматкерлерин кемсинткен жарандын иши каралууда.

Айыпталуучу Расул Алимов залга алынып келинип, судья тарабынан суракка алынды. Сурак учурунда анын орто билимдүү экени жана ажырашып кеткени белгилүү болду.

"Мен кемсинткен өлкө башчыдан жана милиция кызматкерлеринен кечирим сурайм. Мен жаш бала эмесмин, андай кылбашым керек болчу. Өз оюмду айтып жатканда эмне деп жатканымды билбей калгам", - деди Алимов.

Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан. 43 жаштагы Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинткен жаран кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aiba_00
2016-09-20 12:04:11
Кечирим сураган видеосун киргизип койсо жакшы болмок экен.
-2
Chyngyz_kg
2016-09-20 14:38:47
aiba_00, мову жакта бар экенго видео: http://www.super.kg/media/uservideo/175805/
-1
Gulim_zamujem
2016-09-20 12:11:49
Оюндагымы айтып жатканда дейтко?! Анда оюндагысы ошол создор экенда э?!
-6
Seryi-Kardinal
2016-09-20 12:14:34
Gulim_zamujem,dal sen aitkandai okwoit
-7
aigerimosh
2016-09-20 12:13:05
Кудай бир жактан тартып коет ушундай.Өтө көпкөн неме экен ..
-3
frunze777
2016-09-20 12:19:26
Кечирим сурабай эле койбопсун да. Мажбурлап кечирим суратышса керек да "куйруктары"... Мен болгонумда кечирим сурамак турсун кайра уч талак бермекмин, которуп турган асманын болсо таштап жибер коройун деп... Ким кандай болсо "ошол" да, анын эмнесине чычалап жатышат тушунбойм...
+11
edem98
2016-09-20 12:31:35
frunze777,милиция го макул президентке болбойт
Антип айтыш
-6
ekaterinburg
2016-09-20 14:16:17
frunze777,кой антип суйлобо...Чындап ордунда болуп калып журбогун.Тообо деп,жаканды карма.
+1
Jora1704
2016-09-20 14:29:54
frunze777, Эн сонун эле сурайт эленго кечиримди эки жолу карангы комнатага алып кирип урганда. Просто анын ордунда эмессинда :))
+2
ulanbek2917
2016-09-20 13:10:34
Эгер ушул Адам Озбекистанда ушинтип бейбаштык кылып президентти кемсинткенде давно олуп кетет эле
+4
ulanbek2917
2016-09-20 13:11:18
Камаш керек
-3
ilgis1991
2016-09-20 13:42:36
АШАны ар баляя дейбиз го биякта туруп алып.А козунчо антип эч ким айта албайбыз да.Ушинтип эле кечирим сураттырып коюшат да булар оной эле...
-2
frunze777
2016-09-20 13:55:59
ilgis1991, Ошол АШАн алдымдан чыкпай журот да Ак уйго бекинип алып... Айтам дегендер чупурок бул жакта калып эле бетине айтат, эл менен учурашкан копчулукто уч талак берип, Атамбаевин калып кеткен колунан п.. келбей эле...
+8
Kroxa
2016-09-21 17:00:49
frunze777,еще как сурайсын кечирим эмес кечирииип койууууунуз деп журбо,сенин алдынан кокустан чыга калгыдай президент жон эле экообуз окшогон адам беле,,бар ошол акуйго барып чыр сал АША деп кыйкыр анан коросун кечирим сурашты,уйдо отуруп арыстан болгончо:-):-):-)
0
Makain
2016-09-21 02:53:42
Акчага копкон но Антип А йтпаш керек
-1
Klara1994
2016-09-21 09:42:24
олко башчыны антип мазактого эчкимдин акысы жок суйлогон созуно жараша жазасын алсын
-2
Mirba1990
2016-09-21 09:49:24
Эн туура буларды камаш керек frunze777 сенин айтканын туура эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан