Машыктыруучу Самат Сүймалиев: "Япония бизге 3 гол киргизген соң футболчуларыбыз психологиялык жактан сынып калышты"

Кечээ, 19-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда 2-тур оюндары орун алды. "В" тайпасында кыргыз футболчулары Японияга 8:0 эсебинде утулуп калышты. Бул оюн тууралуу өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев төмөнкүлөргө токтолду:

"Беттештин башталышындагы 30-35 мүнөттө биздин оюнга койгон планыбыз аткарылган. Бул убакыт аралыгында биз атаандаштын дарбазасынын алдында мүмкүнчүлүк алганыбыз менен, гол киргизе алган жокпуз. Каталар кайталанып, 3 гол киргенден кийин балдар психологиялык жактан сынып калышты. 1-тайм аяктаган соң балдарга мотивация бергенге сөз таба алган жокпуз. Биздин команда топ тартып алуу процессинде пассивдүү болду".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Miroslav
2016-09-20 11:39:32
Кудай буйурса баары жакшы болот.Балдар башынарды бийик которгуло,кийинки турда жакшы оюн корсоткуло.Биз силерге ишенебиз.Алга Кыргыз жаштары!
+3
ekaterinburg
2016-09-20 11:40:45
Нормалдуу эле корунуш.Мандраж да деп коет.Эч нерсе эмес.Тажрыйба чогултасынар ушинтип.Ойной бергиле.
+3
tatynaaiym
2016-09-20 13:51:35
Биз озу ушундайбыз башында Бир аз аракет кылабызда болбосо ээ деп баарын таштап салабыз,ожорлук деген жок.Олимпиада оюндарында деле ошондой болду боевой дух,настрой жетишпейт бизге а так машыгуу,финансы кудайга шугур.Озбек,казак,тажиктерден эмнебиз кем болбосо,арданып аракет кылыш керек
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан