МЕДИА-ПОРТАЛ: "Сен деги кандай немесиӊ?" клибин тартууда актрисаны ыйлатууга 3 саат кеткен" дейт Примбердиев

Ырчы Кайрат Примбердиевдин "Сен деги кандай немесиӊ?" ыры учурдун хит чыгармаларынын катарын толуктайт. Ал эми бул ырга клип тартуу көптөгөн кызыктар, түйшүктөр менен коштолгонун айтат ырчы.

"Клипти Мелис Маматкулов тарткан. Тартуу иштери шаардын четинде болгон. Чөпкө аллергиям бар эле, чүчкүрүп баштадым, көздөрүм ачышып болбой калган. Ага карабай клипти тартууну уланта бердик. Мелистен башка эч ким жок эле, ал мага улам кээде бетиме упа сүртүп коёт, ошентип жатып араӊ тартып бүткөнбүз", - дейт ырчы.

Ал эми клиптин каармандарын тартууда да көп кызыктар болгон.

"Бир нече секундалык кадр алып, кызды ыйлатуу үчүн клипмейкер менен 3 сааттай кыйналганбыз. Бир нече килограмм пиязды туурап, эзип көзүнө алып келсек да, түрдүү окуяларды айтып, урушуп да, жакшы, жаман да айтып көрдүк. Аябай катуу кыз экен, такыр ыйлабай койду. Ал эми анын көзүнөн жаш чыккан учурда камера иштебей калып, айтор, бир нече түйшүктөр менен тартылган. Кудайга шүгүр, мээнетибиз кайтып, чыгарманы эл да жылуу кабыл алды. Кайда барбайлы ушул ырды ырдап берүүмдү суранышат", - деп билдирди К.Примбердиев.

Кайрат Примбердиевдин "Сен деги кандай немесиӊ?" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alaiska9
2016-09-20 19:13:59
Сонун ыр мага жагат
0
Beksultan-007
2016-09-20 19:32:55
3 саатта ыйлабаса анда ал актриса эмес экенда.
+5
Babi.
2016-09-20 20:20:03
Мага да жагат аябай,соонун ыр,клип да жакшы чыккан.
0
Bek94
2016-09-20 21:27:53
Ыйлаганы окшобой калыптыр аракет кылса дагы
+2
Aby
2016-09-21 00:07:56
ушул кыздын аты жону ким жооп берип койосуздарбы ?
0
toromyrza-92
2016-09-21 08:33:07
Клип ыр жакшы чыкан
-1
Nur92
2016-09-21 20:35:46
Кутман Шаршентегин жакшы аткарган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан