SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бегиш, Баястан ft. Нурсултан Азыкбаев - "Көк бөрү" (ДКО KG vs KZ)" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: damir007).
Видеодо II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда 8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында ат майданда өткөн финалдык беттеште кыргыз улакчылары Казакстан курамасы менен кез келип, 15:3 эсебинде утканы көрсөтүлгөн. Видеодо жаңырган ырды ырчылар Бегиш, Баястан жана Нурсултан Азыкбаев аткарышкан. Нурсултан Азыкбаевдин менеджери Иззат Молтоевдин айтымында, "Көк бөрү" ыры улуттук оюндарды даңктоо максатында жазылган.
"Биздин улуттук оюнубуз тууралуу аны даңктаган чыгарма жазууну көптөн бери ойлонуп келе жатканбыз. Чыгарма жай мезгилинде жазылган. Көчмөндөр оюндарынан кийин ыр популярдуу, актуалдуу болуп чыга келди", - дейт И.Молтоев.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.