Бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Дастанбек Токтоназаров режиссёрлук кылган "Миң бир түн" мелодрамасы менен толукталды. Анда актёр-актрисалар Нуржаасын Жумагулов, Клара Калыбекова, Үсөнбөй Тайир уулу роль жаратышкан.
Тасманын режиссёру Дастанбек Токтоназаров буларга токтолду:
"Бул менин дебюттук тасмам. Алгачкы тасма болгондуктан, кемчиликтери болбой койгон жок. Азыр кайра көрүп отуруп, бул жерин башкача тартсам болмок экен деп калам. Ошентсе да көрүүчүлөр абдан жылуу кабыл алышып, пикирлерин айтып жатышты. Чынында, мындай жакшы жыйынтыктарга ээ болобуз деп күткөн эмесмин. Албетте, сындар да айтылды. Мен бардык сын-пикирлерди түшүнүү менен кабыл алып, алардын үстүнөн иштөөгө аракет кылам.
Тартуу учурунда көпчүлүк менен иштешүү кыйынчылыктарды жаратат эмеспи, андыктан ушул тасманы жарыкка чыгарсам, экинчи кино тартпайм деген элем. Жаш актёр-актрисалар менен иштешүү оңой эмес экен, образга кирип аткаруусун талап кылып, көп убактыбызды ушуга коротуп жаттык. Кээде ушунчалык чарчап, кыжырданган күндөр да болду. Тасма элге таасир берип, "башкаларга салыштырмалуу жакшы тартылган" деген сөздөрдү уккан соң кайра тасма тартууга киришейин деп жатам".
"Миң бир түн" тасмасын бул жерден көрүңүз.