Ошто тургундун унаасынан 230 миң сомду уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде болгон. Анда белгисиз адам Кара-Суу районунун Э.К. аттуу тургунуна тиешелүү унаанын арткы айнегин сындырып, ичинен 230 миң сом акча каражатын жана курулуш компаниясына тиешелүү документтерди уурдап кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде 19-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 1979-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну кармалган.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.