Эл аралык Футбол федерациясы (ФИФА) дүйнөнүн мыкты футболчусуна "Алтын топ" сыйлыгын тапшырууну токтотот. Эми сыйлыкты "France Football" басылмасы өз алдынча тапшырмакчы. Бул тууралуу аталган басылма кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ФИФА менен "France Football" басылмасынын ортосундагы 5 жылдык кызматташууга чекит коюлду. Эми сыйлык ээси ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин улуттук курамаларынын капитандарынын жана машыктыруучуларынын добушусуз, журналисттердин добушунун негизинде аныкталат. Сыйлык 1956-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта дал ушундай форматта тапшырылып келген.
Эми дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу "Алтын топ" сыйлыгына негизги 3 талапкерди иргеп алуу токтотулат. 30 футболчудан турган сыйлыкка талапкерлердин тизмеси жана сыйлык ээси жыл соңуна чейин аныкталат.