ЖЫЛНААМА, 20-СЕНТЯБРЬ: 14 жыл мурун орусиялык актёр жана режиссёр Сергей Бодров каза болгон

2002-жылы 20-сентябрда Түндүк Осетиянын Кармадон капчыгайында Колка мөңгүсү көчүп, орусиялык “Связной” тасмасын тартып жүргөн 19 кишиден турган топ, анын ичинде белгилүү актёр жана режиссёр Сергей Бодров мөңгү астында калган. Алардын сөөгүн коопсуздук кызматында иштегендер күнү-түнү издешкен, бирок кырсык болгон жерден эч кимиси табылган эмес. Апасы Валентина Бодрова туугандарынын каршы чыкканына карабай коопсуздук кызматында иштегендер менен чогуу Кавказга барган. 17 адамдын сөөгү табылып, анын ичинен Бодровдуку кездешкен эмес. Уулунун сөөгү табылбаганына деми суубай, жүрөгү ооруган эне эки жумадан ашык жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Арадан 6 жыл өтүп, "Сергей Бодровдун сөөгү табылды" деген маалыматка көпчүлүк кулагын түргөн. 30-35 жаштагы адамдын сөөгүн чогултушуп экспертизадан өткөргөн адистер табылган сөөктөр Сергей Бодровго таандык же таандык эместигин так айтуудан алыс болушкан. Ушул күнгө чейин табылган сөөк Бодровдуку же башканыкы экени так аныкталбай келет.

Орусиялык сценарист, режиссёр Сергей Бодровдун уулу Сергей Бодров 1971-жылы 27-декабрда Москвада төрөлгөн. Ломоносов атындагы ММУнун тарых факультетин бүтүрүп, өз кесиби менен кетпей, журналист, жан сакчы болуп эмгектенген. 1995-жылы атасы "Кавказ туткунун" тартууга Дагестанга жөнөөрдө Сергей болбой атасын ээрчип алган. Ал жерден атасы ага башкы каармандын ролун сунуштап, Сергей Бодровдун кинодогу алгачкы дебюту башталган. "Кавказ туткунуна" тартылып жаткан кезинде Алексей Балабановдун көзүнө чалдыгып, ал болочоктогу актёрго "Брат" ("Ага") деген тасмага тартылууну сунуштаган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин Сергей Бодров ОРТнын "Взгляд" ("Көз караш") телеберүүсүн алып барып, ал жерден өмүрлүк жары Светлана Михайловага жолугат. Экөө 1997-жылы баш кошуп, бир жылдан кийин Ольга аттуу кыздуу болушкан. Сергей Бодров каза болордон бир ай мурун Саша деген уулдуу болгон.

20-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан