Бишкектеги кафелердин биринен мас абалда кыздарды ур-токмокко алган жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча видеодо кыздарды ур-токмокко алган жаран тууралуу маалыматтар берилген. Учурда аны издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, окуя 22-августта борбордогу кафелердин биринде орун алган. Анда мас абалдагы болжол менен 55-60 жаштагы Мирлан аттуу киши кафенин кардарларына тийишип, терс жооп алганда аларды ур-токмокко алган. Социалдык тармактарга жабырлануучулардын бири аларды сабаган жаранды табууга көмөктөшүүнү өтүнүп билдирүү тараткан болчу.