Мамлекеттик чек арадан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 1971-жылы туулган Н.М. аттуу кыргыз жараны башка адамга тиешелүү паспорт менен Казакстанга, андан ары Орусияга өтүүгө аракет кылган. Анын айтымында, паспорт анын досуна таандык. Ал өзү "кара тизмеде" болгондуктан, ушул жолго барганын билдирген. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sirduusezim
2016-09-21 11:16:32
Жооон эле журобербейспи Кыргызстандаа.
0
ALATOOLUK.JIGIT
2016-09-21 11:21:45
А байкуш. Мурда мындай жанылыктарды элес алчу эмесмин. Эми аларды тушунчу болдум.
+3
Isken.der
2016-09-21 11:45:08
Тиричилик таш жарат дечү беле...байкуштар үй-бүлө багам деп ар кандай жолго барууда...
+2
dirol
2016-09-21 11:45:42
Барып иштеп келейин дегенда байкуш
+1
33SUUN
2016-09-22 03:21:25
Ошол кармалгандардын кийинки тагдыры кандай болуп жатат билгендер барбы?Кармалып эле жатышат кун кур эмес,андан кийин эмне болгондору эч дайынсыз.Кечирим сурап чыгып кетип жатышабы же айып пул толошобу же камалып жатышабы?Эл деле билишсинда мыйзамсыз иш кылгандын кесепетин.Мумкун ошондо ойлонуп иш кылышаар байкуш кара тизмедеги мекендештер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан