"Style Mix" триосунун солисти Илима Дуйшеналиева турмушка чыгуу алдында турат. Социалдык тармактагы Илиманын баракчасында кызыктуу сүрөттөр пайда болуп, ага окурмандар жылуу тилектерин жазып калтырышууда.
Илима сулуулук салонунда чачын колуктунукундай кылып жасатып, кыз узатуу тоюна чакыруу баракчаларынын сүрөттөрүн күйөрмандарынын назарына койду. "Толкундоо... Мындай сонун чакыруу баракчалары үчүн рахмат!" - деп жазган ырчы бийкеч. Ырчынын күйөрмандары буга "Бактылуу болгула!", "Чексиз бакыт!" деген сыяктуу каалоо-тилектерин калтырышкан.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында ырчы бийкеч өз баракчасына аты жогуна тагылган шакектин сүрөтүн жарыялаган. Буга удаа эле социалдык тармактагы баракчасына "Style Mix" триосунун мүчөсү Адилет Эркинбек уулу менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланган.
Ал эми трионун продюсери Миргүл Эсеналиева SUPER.KG`ге буларды билдирди: "Бүгүн, 21-сентябрда Илиманын кыз узатуу тою борбордогу тойканалардын биринде өтөт. Учурда ага кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Илима менен Адилет 3 жылга жакын убакыттан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүштү. Ал эми 10-октябрь күнү экөөнүн заманбап үлпөт тою болот".