Ош шаарынын мэриясы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигин багындырган Акжол Махмудовду салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу 13-18-сентябрда Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн. Анда Кыргыз өлкөсүнөн барып, 69 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Акжол Махмудов жалпысынан төрт беттеш өткөрүп, өлкөгө жеңиш алып келген. Бул салмак боюнча 25 өлкөнүн балбандары байге үчүн күч сынашкан. Алгач 1/8 финалда армениялык Малкхас Амоянды уткан. Чейрек финалда япониялык Гакуо Тагучини 8:0 эсебинде, жарым финалда беларустук Артём Валасковичти дагы 8:0 эсебинде ири айырма менен жеңген. Финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен таймашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип, алтын медаль тагынган.