Бүгүн, 21-сентябрда “Манас” эпосун комикс жанрында орус тилинде чыгаруунун үстүндө иш алып барышкандар маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын айтымында, жаштар сүрөттөр аркылуу чыгарманын 90 пайызын эстеп калышса, окуган текстинин 20 пайызын эстеп калышат. Андыктан Кыргыз өлкөсүндөгү жана чет өлкөдөгү орус тилдүү окурмандарды кыргыз элинин улуу эпосу менен кенен тааныштыруу, жаштар арасында жайылтуу максатында китеп орус тилинде 2 миң нуска менен жарык көргөн.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиев: "Кыскартылган дегенде чыгарманын айрым бир эпизоддору алынып салынат. Ал эми кысылган дегенде эч бир эпизоддор кыскартылбайт, тескерисинче, узун тексттердин маани-маңызы калтырылып берилет. Алсак, "Манастагы" бир окуя 41 бетте баяндалат. Ал эми бул китепте ошол эле окуя 4 бетке түшүрүлгөн. "Манас" эпосун окуп, философиялык маанисин, идеологиясын терең түшүнсө, азыркыдай майдачыл адамдар, бири-бирин жоготуу аракетин көрүп жаткан, чыр чыгарган саясатчылар болбойт эле. Канчалык бири-бирин жек көрбөсүн, бирок өздөрүндөгү бийик духту түшүрүшмөк эмес, эч качан кыргыз элине зыян келтире турган иштерди жасашмак эмес", - дейт.
“Манас” темасы сүрөтчүлөр үчүн эң оор тема. Баары эле батынып бул чыгарма тууралуу тарта беришпейт. Буга чейин эле “Манас” эпосу тууралуу чыгарма жазып жүргөндүктөн, китептин сүрөттөрүн тартып калдым. Анда кыргыздын чыныгы жашоосу, тарыхы, маданияты, үрп-адаты чагылдырылат", - дейт сүрөтчү Замир Илипов.