Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп алды

Бишкектеги Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы саат 12:50 чамасында болгон.

"Жабырлануучу - аял киши. Аны B8476AY номурлуу Тойота үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу сүзүп алды. Айдоочуда унаага жана өзүнө тиешелүү бир дагы документ жок экен. Учурда жабырлануучуну ооруканага алып кетишти", - деди окуянын күбөсү.

Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
FINAL
2016-09-21 13:09:07
Стерва бироосун сузгон окшойт. Ушул Москва деген атты да озгортпой бекен.
+4
UlukmanKalyev
2016-09-21 13:16:14
Жол эрежесин бузган айдоочуларга жазаны кучотуш керек
Ансызда жылына дуйнодо миллиондогон адам коз жумат.
+6
novayariga
2016-09-21 13:35:11
UlukmanKalyev, жазаны кучоткондон жыйынтык жок болуп жатпайбы, ГАИшниктер эле жыргап жатат штраф мынча болуп калган жарымын бер дешип
+9
Mers124
2016-09-21 14:14:43
Жазаны көтөргөндө, гаилердин взяткасы көбөйөт. Взятка көбөйсө, жумушка кирүүнүн шапкасы көбөйөт. Ошондуктан видеороликтерди тартып, ктрден берсе Юсуповду көрсөткөнгө караганда пайдалуу болмок беле.Жол эрежелерин твдан үйрөтсө неге болбосун.Атамбаевди мактагандан көрө пдд үйрөтүшпөйбү. Коомго алда канча пайдалуу
+10
tram-lam
2016-09-21 14:35:08
Байкуш кыз жерде жатса тиги жигит бетин суротко тартып жатканы эмнеси? Фу!
+2
NARYNGRAD
2016-09-21 15:16:03
tram-lam,Мумкун кыздын телефону менен кыздын жакындарына чалып жаткандыр...
+2
Cinderella
2016-09-21 15:40:59
tram-lam,
мен ошол учурда кубо болуп калдым. Тиги кызга звонок келип калган. Анан жигит алып берип телефон менен суйлоштуруп жаткан.
+1
Kroxa
2016-09-21 14:42:06
Жардам берейин дебейт азыр суротко тартып калайын дешет тура маскарапоздор кобойду,элдик кабарга жонотуп смартфон утайын деп жатат го...
+3
Keremet008
2016-09-21 15:28:04
Бееейгам жатат го жат дагы суйлобой кой куду арызды жазып наркыны иттей кыйна
+1
Cinderella
2016-09-21 15:43:08
Туугандар,мен ошол учурда жолдон отуп бараткам. эч ким деле тарткан эмес. Балдар телефон менен кызды суйлоштуруп жатышкан, кыз озу колун которо албай жатткан эле. Билип билбей эле ар кайсыны айта бербегилечи
+8
Kroxa
2016-09-21 15:48:44
Cinderella,кыздын суйлочудой дарманы болбосо керек жерден ойдо кылып жардамдашпагандарын айттым,ошентип карап турушпай ойдо кылып суйлоштурбойбу жатып алыып кантип суйлошот ойлонсон кичине:-):-):-):-)
+2
Guli.K.E.
2016-09-21 16:26:28
Kroxa, катуу сузулгон адамдын омурткасы жардар болсо кыймылдабай жатат да.
+3
Deniza88
2016-09-21 17:38:00
Kroxa, жок чон кыз омуртка соокторго эгер доо кетсе, адамды кыймылдатып тургузуп ого бетер доо кетирип алышы мумкун. Аны колу билген киши же медиктер Гана кыймылдатуу керек Албетте. Жакшы болуп кетсин не болсо да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан