1947-жылы 22-сентябрда кыргыз балеринасы, СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева Бишкек шаарында туулган. Ленинграддагы А.Я.Ваганова атындагы Мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-1995-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Анын репертуарында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринен башкы партиялар бар. П.И.Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", А.Адандын "Жизель", Л.Минкустун "Дон-Кихот", М.Раухвергердин "Чолпон", В.Власовдун "Асел", К.Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Маңкурттар баяны", У.Мусаевдин "Томирис", К.Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарган.
Айсулуу Токомбаева Кыргызстан Жаштар, Эл аралык Ч.Айтматов атындагы, СССРдин Мамлекеттик сыйлыктарынын ээси. Улуу Британияда чыгуучу Эл аралык библиографиялык энциклопедиялык сөздүктө ("Кто есть кто?") анын аты-жөнү 1988-жылдан бери аталып, 1995-жылдан тартып Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваториясында хореография боюнча окутуучу болуп иштей баштаган.