"Дордой" футболдук клубу "Ала-Тоону" утуп, мелдеш жадыбалында 1-орунга көтөрүлдү

Кечээ, 21-сентябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 18-турунда "Дордой" жана "Ала-Тоо" клубдары кез келишти. Беттеш "Дордой" спорткомплексинде орун алып, 2:1 эсебинде "дордойчулар" жеңип чыгышты.

"Дордойдун" курамынан Кайрат Жыргалбек уулу менен Мирбек Ахматалиев айырмаланышса, "Ала-Тоонун" жалгыз голун Элдар Жумагулов киргизди.

Жыйынтыгында "Дордой" 14 оюнда 35 упай алуу менен лидерликке чыкты. Кийинки орундарды "Алай" жана "Алга" клубдары ээлеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lewa90
2016-09-22 09:06:12
Ала-тоо жонле упай берип койгондур Алай ашып кетпесин деп
-1
sagyn01
2016-09-22 09:58:55
Кече жакында дордой алайды утуп чемпион болду элего, кр дин чемпионатына тушуно албай койдум.
0
Максат Кудайбердиев
2016-09-22 10:21:02
sagyn01,"Дордой" Кыргызстандын кубогунда жеңүүчү аталды. Бул болсо өлкө чемпиондугу. Тактап айтканда, экөө эки башка мелдеш.
0
kgalik
2016-09-22 16:14:51
Админ адашып жазыптырго. Алай 3 -местада Алга 2 де
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан