Бүгүн, 22-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда 3-тур оюндары ойнолот. Бул күнү 4 тайпада мелдештин кийинки баскычына чыга турган 8 команда белгилүү болот.
"В" тайпасында 16 жашка чейинки футболчулардан куралган өспүрүмдөр курамасы Вьетнам менен беттешмекчи. Бул тайпадагы чечүүчү беттеш, себеби 2 турдун жыйынтыгында Япония чейрек финалдык жолдомого ээ болгон. Австралия курамасынан үчтөн упай алган Вьетнам жана Кыргыз Республикасынын футболчулары тайпада экинчи орунду ээлеп, чейрек финалга чыгуу үчүн айыгышкан беттеш өткөрүшмөкчү.
Салтка айланып калгандай, 3-турдун оюндары бир убакытта башталат.
16:30. Австралия-Япония
16:30. Вьетнам-Кыргыз Республикасы
Мелдеш жадыбалы:
1. Япония - 2 оюн, 6 упай
2. Вьетнам - 2 оюн, 3 упай
3. Кыргыз Республикасы - 2 оюн, 3 упай
4. Австралия - 2 оюн, 0 упай