Ат-Башы районундагы мектептердин биринин жанынан шектүү баштык табылып, текшерүүгө алынды

Ат-Башы районундагы мектептердин биринин жанынан шектүү баштык табылып, текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрь күнү саат 14:50 чамасында Д.Керимбеков атындагы орто мектептин жанынан шектүү баштык табылган. Аталган дарекке куткаруучулар жана РИИБ кызматкерлери барып, аймак курчоого алынган.

"Саат 16:30 чамасында Чек ара кызматынын кызматкерлери шектүү баштыкты текшеришип, анын ичинде жарылуучу зат жок экендигин аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан