Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкекте 1, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталган.
Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая Поляна айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Манас көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан 500 түк чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын от менен ойношкону себеп болгон.