Вьетнамда өтө турган кумда ойнолуучу Азия оюндарына 11 кыргыз спортчусу катышат

24-сентябрдан 3-октябрга чейинки аралыкта Дананг шаарында (Вьетнам) кумда ойнолуучу Азия оюндары орун алат. 5-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке кыргыз спортчулары 4 спорт түрү боюнча катышат: кум үстүндөгү күрөш, самбо, жиу-житсу жана муай-тай.

Муай-тай боюнча курам: Мирбек Сарткалмаков (60 килограмм салмакта), Бекжан Матысаев (67 кг), Арсен Зарылбеков (75 кг). Машыктыруучу: Елена Шевченко.

Самбо: Мамбетжан уулу Урмат (74 кг), Артур Те (62 кг). Машыктыруучу: Апсамат Мукамбетов.

Жиу-житсу: Абдурахманхаджи Муртазалиев (85 кг), Нуркалый Мирланов (69 кг), Муртазали Муртазалиев (77 кг). Машыктыруучу: Солтобек Сулайманов.

Кум үстүндөгү күрөш: Данияр Ибраимов (70 кг), Чыңгыз Керимкулов (90 кг), Кенжебек уулу Азамат (60 кг).
Машыктыруучу: Виталий Филлиповский.

Кошумчалай кетсек, кумда ойнолуучу Азия оюндары ар 2 жыл сайын Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын катышуусунда өтөт. 2014-жылы Таиландда өткөн мелдеште кыргыз спортчулары 6 медаль тагынышкан: Артур Те (самбодон, 68 килограмм салмакта), Бекболсун Кушубаков (күрөш, 80 килограммдан жогорку салмакта), Мирбек Сарткалмаков (тай бокс, 60 килограмм салмакта) күмүш медалдарды алып келишсе, колону Валерия Уварова (айкалышкан 5 спорт түрү), Бекжан Матысоев (тай бокс, 67 килограмм салмакта) жана Мирбек Качкынбаев (тай бокс, 71 килограмм салмакта).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdurahman
2016-09-22 12:04:06
Эмне дейбиз, Ийгилик баарына!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан