Борбор калаада “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына күч органдарынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Биринчи Май районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн бири Свердлов РИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алыган. Тинтүү учурунда 1983-жылы туулган И.Жайнак аттуу жаран жашаган жайдан “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеяларын камтыган китептер жана баракчалар табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.