Токмок шаарында “тургунду сабаган” деген шек менен 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-август күнү милиция кызматкерлерине 31 жаштагы С.Н. аттуу тургун кайрылып, белгисиз адамдар эч себепсиз сабап кетишкенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 18 жаштагы И.Т. кармалган. Учурда ал үй камагына алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.