Акын, жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык мааракеси белгиленет

Акын, жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Акындын Мамлекеттик тил күнүндө эне тилибиздин өнүгүшүнө кошкон эмгеги бааланып, 80 жылдык мааракеси кыргыз өкмөтү тарабынан колдоого алынып өткөрүлүүдө. Салтанаттын башталышында Бобуловдун чыгармачылыгы туурасында кыска метраждуу ролик көрсөтүлөт. Андан соң акындын ырлары окулуп, өмүр жолу чагылдырылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, акындын мааракесин уюштуруу, тил майрамына айкалыштырып өткөрүү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жүктөлгөн. Салтанатка өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышмакчы. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгына эртең, 23-сентябрда 27 жыл болот.

Камбаралы Бобулов 1936-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Өсөр кыштагында туулган. Ал талбаган эмгектеринин натыйжасында көпчүлүккө белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери катары таанылган. Анын "Эркинбек", "Түштүк кызы" сыяктуу аңгеме, повесттери окурмандарга тараган. Ошондой эле анын поэтикалык жыйнактары: "Махабат аралы", "Таң шоокуму", "Акын кыялы" аталышындагы эмгектери жарык көргөн. Акын 2003-жылы көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан