Өспүрүм футболчуларыбыз Вьетнамга утулуп, Азия чемпиондугунун эшигин жабышты

Бүгүн, 22-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында 3-тур оюндары ойнолууда. Бүгүнкү күндөгү катталган жыйынтыктардын негизинде 4 тайпадан экиден команда мелдештин плей-офф баскычына чыкмакчы.

"В" тайпасында чечүүчү беттешин Вьетнамга каршы өткөргөн кыргыз футболчулары 3:1 эсебинде утулуп калышты. Мелдештин 6-мүнөтүндө иштиктүү чабуул Гүлжигит Алыкуловдун голу менен аяктап, курамабыз алдыга чыккан. Андан соң Эмир Шигайбаевдин катары менен кетирген 2 катасы чечүүчү болуп калды. Алгач атаандаш эсепти теңесе, кийинкисинде Эмир өз дарбазасына гол киргизүүгө мажбур болду. Жыйынтыгында 1-таймда 2:1 эсеби катталды. 2-таймда футболчуларыбыз алдыга умтулуп, бактысын каршылаштын дарбазасынан издеп жаткан маалда вьетнамдыктар каршы чабуул уюштурушту. Эки коргоочуга эки чабуулчу бет келип калган эпизоддо чабуулга атаандаштын 3-футболчусу кошулуп, топту алыскы бурчка узатты. 3:1 эсебинде Вьетнам жеңишке жетишип, карамагындагы 6 упай менен плей-офф баскычына жолдомо алды.

Ушуну менен курамабыз карамагындагы 3 упай менен тайпада 3-орунду ээлеп, мелдештин эшигин жапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
raum
2016-09-22 18:34:08
Эки жолу авто гол уят го
+2
souza.j
2016-09-22 18:42:02
Автогол. Мурун футбол ойногон бекен.
+1
Tom15
2016-09-23 01:56:10
Итьям болгонго автогол болсо эки жолу
0
Alibek-0001
2016-09-22 20:47:55
Тезек тергени бардыбы ойношпойбу жакшына. Жалкоолор поляда жанын бериш кк го кыргызстан учун.
0
MAN-CITY
2016-09-23 01:01:19
Алгач атаандаш эсепти теңесе, кийинкисинде Эмир өз дарбазасына гол киргизүүгө мажбур болду.)))
0
admin_portal
2016-09-23 11:58:46
Kurstan_CR7, жалаң баш тамгалар менен жазууга болбойт!
0
Lewa90
2016-09-23 23:21:34
Окунучту умуттор чон эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан