Бүгүн, 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тили өлкөдө "мамлекеттик тил" деген макамга ээ болгон. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда "кыргыз тили - мамлекеттик тил, ал эми орус тили - расмий тил" деп жарыяланган. Кыргыз тили күнүнө карата бүгүн билим берүү жайларында конференция, майрамдык кече жана башка иш-чаралар өтөт.