Түнү Москвада кампа өрттөндү

23-сентябрга караган түнү Москва шаарынын Амур көчөсүндө жайгашкан кампа өрттөндү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт кырсыгынан улам каза болгондор жок, анткени өрт башталганда кампада иштеген кызматкерлер сыртка чыгып кетишкен, бирок 8 өрт өчүрүүчү дайынсыз болууда. "Өрт толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 160 өрт өчүрүүчү тартылган. Учурда дайынсыз болуп жаткан 8 өрт өчүрүүчүнү издөө иштери жүрүп жатат", - деп жазышат ММКлар.

Мындан тышкары аталган кампада пластик буюмдар сакталганы белгилүү болду. Кампанын 4 миң чарчы метр аянты өрттөнгөнү аныкталды. Тиешелүү мекемелер өрттүн чыгуу себебин иликтеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
fly2010
2016-09-23 09:24:10
Алыста жургон бир туугандарыбызды Аллахым сактасын!кырсыктардан алыс болушсун.
+15
Aiti090686
2016-09-23 09:42:50
fly2010,оомин
+12
ekaterinburg
2016-09-23 09:42:48
Негизи эле адам баласы кырсыкка учурабасын да!Табылып калгай эле пожарниктер...
+11
aiba_00
2016-09-23 09:43:59
Орт очургучторду кудай сактасын. Аман эле болсун.
+11
sagyn01
2016-09-23 10:23:10
Дайынсыз болуп жаткан орт очургучтор, откондо биздин периште кыздарга конул кош мамиле кылгандар болуп журбосун
+3
Kroxa
2016-09-23 10:35:03
Эмне эле орттонуп жатат жалан эски имараттар Амурский чет жакта да,,кудай сактасын мекендештерибиз сак болгулачы....
+3
ekaterinburg
2016-09-23 10:44:21
Каза болушуптур орт очургучтор((((Азыр радиодон билдиришти.
+1
Kroxa
2016-09-23 13:40:44
Ооба шып кулап басып калыптыр дешти 8ин тен..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан