Бишкекте "тургундун 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, качып кеткен" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1979-жылы туулган О.Т. аттуу тургун кайрылып, Зина аттуу чала тааныш аял 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, ошол боюнча качып кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган З.Б. кармалган.
“Учурда кылмышка шектүү мындан башка дагы бир канча алдамчылык фактылары боюнча айыпталууда. Эгер андан жабыркагандар болсо, (0778) 75-00-05, (0553) 10-26-31 номурларына чалып, кабарлап койсо болот”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.