Өткөн суткада өлкөдө 23 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда турак жай күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте 2, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 6, Ош облусунда 6, Жалал-Абадда 2, Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Масалиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 120 чарчы метр турак жай күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдалануудагы техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан