"Күйөөсүн жиликтеген" деп шектелген келиндин соту: Жабырлануучунун жактоочусу келбей калганына байланыштуу соттук кароо 29-сентябрга жылдырылды

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин карамак. Бирок соттук отурумга жабырлануучу тараптын жактоочусу келбей калганына байланыштуу соттук отурум 29-сентябрга жылдырылды.

Буга чейинки соттук отурумда кылмышка шектүү Айдай Субанова сурак берип, тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрткөн болчу. Ал күйөөсүн өлтүрбөгөнүн айтып, аны белгисиз адамдар өлтүргөнүн билдирген эле.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rukopashnik
2016-09-23 12:01:33
жыла эле берет экен да э,кандай сот ХХХ поймешь булар...
0
admin_portal
2016-09-23 12:04:31
rukopashnik, этика нормаларын сактаңыз!
-7
KaiMak
2016-09-23 12:05:24
rukopashnik,2 жылдан бери жылып эле келтат... Сразле октябрдын паланчасина жылдырышпайбы...
-3
aseras
2016-09-23 13:57:09
KaiMak,токтоп турсаз )29-сентябрда да жазыщат октябрдын паланчасына жылды деп
0
Arslan12
2016-09-23 12:41:18
Тоготпогондукбу жактоочулар бул жерде оюн болуп атабы кааласа келет каалабаса келбейт, адамдын тагдыры го!
+1
sabyr86
2016-09-23 12:56:43
Буга окшоп канчалаган айыпталуучулар жатат дейсиңер,жети соту болуп ары кесилбей,же акталбай.
+1
avtogrand
2016-09-23 13:02:08
Тааныштары күчтүү экенда
+1
zara__
2016-09-23 16:47:07
жакшыле сумма жедиришкен го сотторго акташ учун
эми баягы олтургондор аныкталып кармалбай издоодо журо беришет а муну акташат.
+1
Salman.eldar
2016-09-23 23:22:38
Эгер келинчеги озу олтурбосо, башында эле айтса болмок туурасын эле. Эмне себептен анда мойнуна алды? Кызык. Ким олтурду экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан