Борбор калаада батирлерди тоноого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган Э.А., 1993-жылы туулган Ш.К. жана 1993-жылы туулган А.А. аттуу Чүй облусунун тургундары учурда борбордогу 3 батирди тоногонун мойнуна алышкан. Учурда калган кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жана башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүрүүдө. Кылмышка шектелип кармалгандардын жанынан далил буюмдар да алынган.