Ливан жана Түркмөнстанга каршы ойной турган футбол боюнча улуттук курамга Азамат Байматов чакырылган жок (тизме)

Футбол боюнча улуттук курам 30-сентябрда октябрь айындагы жолдоштук беттештерге даярдыгын баштайт. Машыгуу сборуна 23 футболчу чакырылды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында улуттук курам 6-октябрда Ливан, 11-октябрда Түркмөнстанга каршы оюн өткөрөт.

Дарбазачылар: Павел Матяш (“Алга” футболдук клубу), Валерий Кашуба ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев (“Дордой”), Валерий Кичин (“Енисей”, Орусия), Виктор Майер (“Эммен”, Голландия), Ильяз Алимов, Акрам Умаров (“Алай”), Владимир Казакбаев, Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков (“Абдыш-Ата”).

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков (“Крумкачы”, Беларусь), Фархат Мусабеков (“ТСК-Таврия”, Крым), Эдгар Бернхардт (“Роденхаузен”, Германия), Антон Землянухин (“Сисакет”, Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Павел Сидоренко (“Алга”), Одил Абдурахмонов (“Алай”).

Чабуулчулар: Виталий Люкс (“Унтерхахинг”, Германия), Мирлан Мурзаев (“Ушакспор”, Түркия), Виктор Кельм ("Бежания", Сербия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
erjigit-e.15
2016-09-23 16:40:46
Филиппин менее ойногондо тренер жанылды да
-1
Patriot..kg
2016-09-23 16:56:38
Жакшы Жан.к экен
-1
keba300989
2016-09-23 16:57:42
Ага эмне болуптур, эмне болсода ал Кыргызстан футболчулары жеңиш күтүп калабыз ийгилик.
-1
make2
2016-09-23 16:59:10
Тего менен Азамат жок защита өтө слабыйго экоосу карачы эле Азамат башы менен чабуулдун баарын тосчу эми кыйын эле
0
Edward.14
2016-09-23 16:59:51
Виктор Кельм жаны оюнчу окшойт е
0
Nur1k
2016-09-23 17:14:38
Себеп деген жери барда. Крестининден сурагыла эмне болгонун. Экоо таарынышып калган жокбу акыркы убакта? Эми защитада ишенгенибиз Кичин.
0
kgalik
2016-09-23 18:17:49
бул машыктыруучунун ойу жакбады
0
kgalik
2016-09-23 18:24:40
макул текшерип корсун башкаларында
0
kgalik
2016-09-23 18:25:53
Павел сидоронкону ойундан чыгарыш керек
0
Kurstan_CR7
2016-09-23 18:26:22
Охоо Александр Крестинини буд Сапар башкача иш жургузотко сыягы коп жаны оюнчулар чакырылыптыр!
Нап Виктор Кельм
Защ Владимир Казакпаев,Данила Сокурченко, Аманбек Маныбеков.
Бул сапар Александр Крестининдин болокчо оюнун коробуз сыягы
+1
Oylonkyrgyzym
2016-09-23 18:32:37
Азамат өзү ойной албайт да э.Туура эле кылган ким болсо да.Бир аз ойногонду үйрөнсүн анан чакырылат.
+1
kanybek1986
2016-09-23 22:30:07
Машыктуруучу биринчи жолу оштун алайынан бир оюнчу алыптыр жакшыго
0
Partner
2016-09-24 00:50:57
kanybek1986, Экоо деп туратко жакшыраак окусан, Мектептеги класс жетекчинди уят кылбай)))).
0
Joomartbek
2016-09-24 11:44:20
Partner, Алайдан 3 оюнчу эмеспи? Жакшылап окучу..
+1
kgalik
2016-09-23 23:05:22
Мирбек Акматалиев ди чакырсын
0
elmurat.kg
2016-09-24 12:07:27
алайдан алыш керекле озу.сбор эми тушунду алайдан алыш керек экендигин акыры
...
0
maks13
2016-09-25 11:51:28
--- Кыргызстан женилет да анда
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан